Текст песни
Бокалдардын шыңгыр эткен дабышы,
Кубанычтан толкуп жүрөк кагышы.
Мага жагат менин туулган күнүмдө,
Ойноп-күлсө коноктордун баарысы.
Бейиш болуп досторумдун арасы,
Кандай гана бактылуумун, карачы?!
Кереги эмне байлык, бийлик башканын?
Ырлар, анан достор менин канатым.
Мага жагат көздөр кирсиз караган,
Капаланып, кайгырбаса жан адам.
Мага жагат бири-бирине жакшылык,
Бакыт гана тилеп турса ар адам.
Кетсе кайра келбейт экен жаштыгың,
Ырдайлычы тирүүлүктүн жакшы ырын.
Жок дегенде бүгүн, курбум, айтпачы,
Бул жашоодо өмүрлөрдүн аздыгын.