Текст песни
Көп ичинен таптым дедиң,
Көздөрүмө жактың дедиң.
Терең болот биздин сезим,
Теңдеши жок бактым менин.
Капыс жерден кабылганым,
Карааныңа жагылганым.
Жакшы оюмдун жагымдарын,
Жалгайм сага барын, барын.
Жанашып жанга жаның,
Жай бербей ичте жалын.
Жаңырат кулагыма,
Эркелеп жалынганың.
Өтө жакын көрөөрүмсүң,
Өмүрдөгү өбөгүмсүң.
Жан сырымды төгөөрүмүң,
Жандай көргөн жөлөгүмсүң.
Сенин барын кандай бакыт,
Сагынаарым ойго батып.
Жакшы үмүткө жакын тартып,
Жашап өтөм жанып, жаркып.
Табылып сендей адам,
Табыңа күйүп жанам.
Жогуңда сен жанымда,
Жолуңдан издеп барам.