Текст песни
Тааныбай турасың, эстечи,
Жаштыктан алыстап кетпечи.
Көчөңдөн ышкырып чакырган,
Ошол ким, ким эле, эстечи?..
Карабай жол узак, көптүгүн,
Кечкурун айылыңа жетчүмүн.
Мен сени үйүңдөн чыкса деп,
Калп эле ышкырып өтчүмүн.
Сен мага жайнаган күн элең,
Сен мага кыпкызыл гүл элең.
Эңсетип жүрөктү чаңкаткан,
Өмүрдө чертилбес күүм элең.