Текст песни
Күнү-түнү сагынганым
Көңүл ачпай зарыкканым
Күлсөм дагы көңүл үчүн
Жалгыз калсам жашыганым
Бал кошулган капучино
Баары бир мага ачуу даамы
Сенсиз өткөн жай күндөрү
Сууган бойдон калды баары
Күнүгө алдыңан өтсөм мен
Гүлүмү күн нуру өпсө деп
Көңүлүн бурса көз караңдап
Кайран жүрөк толкундап, толкундап
Көз карай албай толкундап
Сөз таба албай кол буулап, кол буулап
Кала берем
Көрүшкөнчө
Адатта көнгөн түшүмдөн гана
Булуттардан жолугалы