Текст песни
Аманат мага берилген,
Ардактап алган теңим сен.
Бактыбыз балдарыбыз да,
Жаралган тунук сезимден.
Күлүп турсаң,күлүп жайнап,
Бул бакыттын ачкычы!
Күлүп турсаң күндөй жайнап,
Балдарымдын бактысы!
Турмуштун ачуу,таттуусун,
Туурасын жаман,жакшысын.
Бир көрүп жашап келебиз,
Бир сырдуу жаным жакшысың.
Сен барыңда маңдайымда багым бар,
Сен күн,айсың карегиңде жалын бар.
Касиет бар анан дагы өзүңдө,
Кайра-кайра көргөн сайын сагынтар.